БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аравандагы апасы тарабынан сабалган делген эгиз кыздар боюнча экспертиза чыкты

Аравандагы апасы тарабынан сабалган делген эгиз кыздар боюнча экспертиза чыкты

Сүрөт: sputnik.kg

Экспертиза эгиз кыздардын денесинен көптөгөн көк-ала тактар,шишиктер жана ийне менен сайылган тактарды аныктады. Учурда алардын абалы орточо оор. Бул тууралуу бүгүн,16-ноябрда Акыйкатчы институту билдирди. 

 

Маалыматка караганда,аталган уюмдун кызматкерлери абакта отурган кыздардын энеси менен жолуккан. Анда ал экинчи күйөөсүнүн бир туугандары жана кайненеси ага басым кылып келишкенин айткан. Ошондон улам келин ачуусун балдарынан чыгарып жүргөн.

“Алар мени ар дайым кемсинтип,психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап,аларга ийне сайгылап кордоп келген”, — деп айткан ал. 

Акыйкатчы инситутунун билдирүүсүнө ылайык,келин ата-энесинен эрте ажырап,чоң энесинин колунда өскөн.Мектепти 9-класска чейин окуп,18 жашында турмушка чыгып,эгиз кыздары төрөлгөн. Кийин ал аял жолдошу менен ажырашып,экинчи күйөөсүнө тийген. 

Учурда келиндин версиясын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөтүлдү.Анын кайненеси менен кайын сиңдисине соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. 

Эске салсак: 6-ноябрда социалдык тармактарда аял киши эки жаш баланы уруп жаткан тасма тараган.Анда ал балдарын таяк менен сабап,заара ушатып койгондугу үчүн жемелеп жатканын көрүүгө болот. 
 
Окуядан кийин Ош облустук милициясы аялды кармаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси  (Уруп-сабап кыйноо)  боюнча кылмыш иши козголгон.Текшерүүнүн жүрүшүндө аял видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн эки жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга барганын айткан. 
 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдар энесинен ажыратылып алынып, ооруканага жаткырылганын, толук камкордукка алынганын кабарлаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей