БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Кийимдерин кучактап ыйлайм". Энелик укугунан ажыраган келин президентке кайрылды

"Кийимдерин кучактап ыйлайм". Энелик укугунан ажыраган келин президентке кайрылды

Т-Медиа

Ош облусунун Араван районунун 21 жаштагы тургуну Сарвиноз Дехканова эгиз кыздарын өзүнө кайтарып алгысы келет. Бирок анын жактоочусу жок. Мындан улам аялдардын укугун коргогон уюмдардан жардам сурап жатат. Дехканова президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранды. 

2024-жылдын 7-февралында Араван райондук соту эгиз кыздарын урду деген келинди энелик укуктан ажыраткан чечим чыгарган. Аталган сотко Сарвиноз Дехканова жактоочусуз катышкан. Ал ошондон да кыздарын өзүнө ала албай калдым деген пикирде. 

"Мен президентке кайрылгым келет. Балдарымды өзүмө алып берүүсүнө жардам көрсөтүүсүн сурайм. Кыздарым өзүмдүн колумда, жанымда жүрүшүн каалайм, жардам бериңиздер ".

Аравандык келин кыздарын урганы үчүн үч ай темир тор артында отуруп, 25-январда эркиндикке чыккан. Эми үч жыл пробацияда каттоодо турат. Келин кыздарын стресске кабылганда урганын айтат.

"Ошол кезде өзүм катуу стресске түшүп калгам. Ачуу үстүндө уруп койгонмун. Мен кыздарыма жамандык каалабайм. Тарбиялуу болсун деп аябай ачуум келип жатканда уруп койгом. Бирок аларды аябай жакшы көрөм. Төрт ай бою көрбөдүм. Кандай болуп калгандарын билбейм. Өзүмдүн көз алдымда чоңойсо дейм". 

Келин мурдагы жолдошу өзүнө, кыздарына зомбулук көрсөткөнүн айтып берди. Күйөөсүнүн туугандары кол көтөргөндө да милицияга кайрылган эмес.

"Мени жолдошум аябай урчу. Бурчка тургузуп алып уруп, "өлтүрүп апаңдын жанына жиберемин" дейт эле. Кызым жети ай болуп, отуруп калган кезде кышта жылаңач кылып чечиндирип, сыртка алып чыгып отургузуп койду. Жатып алып ыйладым ошол жерден. "Ооруп калса кимге зыян?" деп ыйладым. "Жөн кой, акыл кирет" деп коёт жолдошум. Алты айлык балага каяктан акыл кирет эле. Ушундай аракеттерди жасаган адам кантип кыздарды багат".

Дехканова ата-энесинен алты айлыгында ажырап, жетим өскөн. 12 жашынан түрдүү жушумтарды кылып күнүн көргөн. Жолдошунан зомбулук көрүп, кайра ага кыздарын алдырып койгонуна ызааланат.

"Кыздарымды аябай сагындым. Кана эми жанымда болуп калса. Көз алдымда басып жүргөндөрүн сагындым. "Апа" деп айтканыдарын сагындым. Кеч киргенде кийимдерин кучактап алып ыйлап отурам. Аябай жакшы көрөм. Экөөнү эч кимге бербей чоңойтконмун. Өзүм ата-энемден ажырагандай, алар да ажырабасын дейм".

Былтыр 6-ноябрда эки жашар наристелерин сабап жаткан келиндин видеосу социалдык тармактарга тарап, эки күндөн кийин Ош облустук милициясы 21 жаштагы келинди кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен иш козголгон. Эгиз кыздар кийин өз атасына өткөрүлүп берилген.

Араван райондук соттук-медициналык экспертиза мекемесинин кызматкерлери кыздардын көк ала денесинен көптөгөн тактар, шишиктер, ийне сайылган тактар аныкталганын билдирген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү камакка алынган келин менен жолугуп чыгышкан. Ал жарандык никедеги күйөөсүнүн бир туугандарынын, кайненесинин кордугунан улам ачуусун кыздарынан чыгарып келгенин айтып берген.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей