БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Парламент күйүүчү майдын литрине бир сомдон алып жол оңдоо боюнча мыйзам долбоорду колдоду
Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында "Жол фонду жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Депутаттар документти дароо экинчи, үчүнчү окууда колдоп берди.
Спикер Нурланбек Шакиев аталган мыйзам долбоор каралып жаткан учурда сөз сүйлөп, 2027-жылдан тарта бардык айылдарга, жайлоолорго кеткен жолдорго асфальт төшөлөрүн билдирди. Мындан сырткары ал 1250 даана транспорт тармагында иштей турган техника алынып келерин, алардын 750сү Жол фондуна түшкөн каражаттын эсебинен алынганын кошумчалады.
"Бюджеттен акча бөлүнбөйт, Жол фондунан гана алынат. Кечээ бул тууралуу президент менен сүйлөштүк",-деди Шакиев.
Мыйзам долбоорго ылайык, айдоочулар ар бир литр күйүүчү майга бир сомдон кошуп төлөйт. Ал каражат Жол фондуна топтолуп, ага жолдорду оңдоо сунушталып жатат. Мыйзам долбоорун Транспорт министрлиги демилелеп, буга чейин парламент аны биринчи окууда талкуусуз колдоп берген. Бул негизи былтыртан бери эле көтөрүлүп келе жаткан демилге. Министрлик документти алгач сунуштаганда "жолду ким көп унаа айдаса, ошол бузат" деген жүйө келтирген эле. Бул жолу мыйзам кабыл алынса бардык ички жолдорду өз карамагына алып, чогулган акчага жолдорду оңдойбуз деп убадалап жатышат.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat