БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Арстан Алай абакта каза болду

Арстан Алай абакта каза болду

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 2024-жылдын 5-январында Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Абакиров Фейсбук баракчасына Абдылдаев №31 түзөтүү мекемесине алардын кабарысыз которулганын жазган. Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракети адам өлүмүнө алып келди деген ал. 

Жаза аткаруу кызматы азырынча маалымат бере элек.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Арстан Алай деп таанылган Арстанбек Абдылдаев 2024-жылдын 15-январына чейин камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Арстанбек Абдылдаевди диний кастыкты козутууга айыпталып кармаганы 15-декабрда белгилүү болгон. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Facebook, Instagram социалдык түйүндөрүндө, YouTub-каналда ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды таштаган. Мындан тышкары  динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайларынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

"Ал өзүн "Жаңы Кудай", "Куткаруучу" деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген",-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Мунун алдында Арстан Алай 13-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылып, Свердлов райондук милициясы ага издөө жарыялаганын кабарлаган.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей