БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Арстан Алай бир айга камалды

Арстан Алай бир айга камалды

Сүрөт: УКМК

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Арстан Алай деп таанылган Арстанбек Абдылдаев 2024-жылдын 15-январына чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 16-декабрда каралганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Арстан Алай Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Арстанбек Абдылдаевди диний кастыкты козутууга айыпталып кармаганы 15-декабрда белгилүү болгон. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Facebook, Instagram социалдык түйүндөрүндө, YouTub-каналда ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды таштаган. Мындан тышкары  динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. 

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайларынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

"Ал өзүн "Жаңы Кудай", "Куткаруучу" деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген",-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта. 

Мунун алдында Арстан Алай 13-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылып, Свердлов райондук милициясы ага издөө жарыялаганын кабарлаган.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей