БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Арстан Алайдын өлүмү боюнча ЖАКтын кызматкерлерине иш козголду

Арстан Алайдын өлүмү боюнча ЖАКтын кызматкерлерине иш козголду

Арстан Алай

Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 11-январда Башкы прокуратура билдирди. 

Башкы көзөмөл органдын билдиришинче, текшерүү учурунда Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызматкерлери "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарын аткарбаганы аныкталган.

"Кыргызстандын мыйзамдарын так аткарбай, Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбагандыктан, Арстан Алай өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды", -деп билдирди Башкы прокуратура.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнү жүргүзүү Аскер прокуратурасына тапшырылган. 

Арстан Алайдын өлүмү

Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) ушул жылдын 5-январында Юстиция министрлигинин №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматы аны мекеменин ашканасында асынган абалда табылганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, ага "инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы Түзөтүү мекемесине которулган.

2023-жылдын 16-декабрында Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ал "диний кастыкты козуткан" деген шек менен кармалганын билдирген. Ага "социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган" деген айып коюлган. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн "жаңы Кудай" жана "куткаруучу" деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей