БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилген мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолду

Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилген мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолду

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеваны мыкаачылык менен кескилеген мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле жабырлануучуга 2 млн сом, мамлекетке айып пул катары 80 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу "Т-Медиага" Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 20-сентябрынан баштап эсепке алынды. Судья аны жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө милдеттендирди.

Эстебесов алты берене - Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" - бир нече жолу ушул эле берененин негизинде кылмышы кайталанганы үчүн) 194-берененин 2-бөлүгү, ("Турак жайдын кол тийбестигин бузуу" - күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун), 130-берене, 2 жана 3-бөлүгү, ("Ден соолукка оор залал келтирүү" ) 137-берене ("Кыйноолор") 154-берененин 2-бөлүгү, ("Зордуктоо"), 122-берененин 2-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") менен күнөлүү деп табылды.

Буга чейин Сокулук райондук соту аны аталык укуктан ажыратуу чечимин чыгарган.

2023-жылдын 20-сентябрында 36 жаштагы Асел Ногойбаева бети-башы жана моюну кескиленген абалда ооруканага келип түшкөн. Ага дээрлик сегиз саат операция жасалган. Кылмышка шектүү катары 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, "Денеге оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ногойбаева бул окуяга чейин дагы мурдагы күйөөсүнүн "зордук-зомбулугуна" арызданып, укук коргоо органдарына кайрылганы белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду 2023-жылы "Зордуктоо" беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Ишти караган сот кызматтан алынып, үч судьяга сөгүш берилген.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей