БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ташиев: Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керек

Ташиев: Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керек

Интернеттен алынды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирди. Ал Султанбеков тергөө абагында шарты начар кармалып турат деп эсептебей турганын да кошумчалады. Бул тууралуу Ташиев Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат жыйында Темирлан Султанбековдун абалы начарлап жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүн аны менен эрегишпөөгө чакырды. 

"Султанбеков менен эрегишпесек, жаш бала болсо, жаш баладай өзүн алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келип жатат. Эгер, мамлекетти башкара албасаңар мага бергиле" дейт. Ал үчүн өсүшү керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берсин".

Мындан сырткары "тергөө абагында басым болуп жатат" дегенди четке кагып, Сеидбек Атамбаевге жабык жайга барып шарт менен таанышууга чакырды.

Темирлан Султанбеков 13-ноябрда кармалып, ошондон бери ачкачылык кармап жатат. Жакточусу анын ден соолугу начарлап, дене температурасы төмөндөп кеткенин айткан. 2-декабрда Бишкек шаардык соту Султанбеков, партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди абакта калтырууну чечкен. Алар 13-январга чейин камакта болот.

Эске салсак, 14-ноябрда "Социал-демократтар" партиясы шаардык кеңешке өтө турган шайлоодон четтеген. Буга Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") боюнча козгогон кылмыш иши жана тергөөнүн маалыматы негиз болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала