БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аскар Акаев "экс-президент" макамын кайтаруу өтүнүчү менен ЖКга кайрылды

Аскар Акаев "экс-президент" макамын кайтаруу өтүнүчү менен ЖКга кайрылды

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жиберди. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Чолпон Султанбековага таянып "Азаттык" жазды. 

Султанбекова Акаевдин каты боюнча алгач фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болорун айткан. 

"Мен катты бүгүн (ред-5-сентябрда) эртең менен жумушка келгенде көрдүм. Маселе дароо эле күн тартибине чыкпайт. Биринчи фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе кайсы күнү күн тартибине коюлганын айтабыз",  - деди ал.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-марттагы  "Жоогазын ыңкылабынан" кийин Орусияга чыгып кеткен. Ошондон бери ошол жакта баш калкалап келет.

"Кыргызстанды экс-президент макамы" Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековдо гана бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бул макамдан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей