БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аскат Алагөзөв Орусиядагы мигранттарды өлкөгө келип иштөөгө чакырды

Аскат Алагөзөв Орусиядагы мигранттарды өлкөгө келип иштөөгө чакырды

Интернеттен алынды

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв Кыргызстанда тигүү тармагына, курулушта жумушчу күч жетишпей жатканын билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн "Фейсбук" баракчасына 14-сентябрда жазып, Орусиядагы мигранттарды, өлкөгө келүүгө чакырган. 

Алагөзөв эмгек акы Орусияда иштеп тапкан менен бирдей эле болорун белгилеген. 

“Орусияда тигүү тармагында иштеп жүргөн эже-карындаштар, курулуш тармагында иштеп жүргөн ага-инилер, сиздерди Ата Мекениңерге - Кыргызстанга келип иштөөгө чакырам. Азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат. Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Орусияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы Ата Мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи”

Маалымат катчы ошондой эле сурап билүү телефондорун калтырган. 

1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга);  0559189900 WhatsApp.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык  соңку 1,5 жылда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны 400 миңге чейин кыскарган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей