БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аскат Жетиген эки айга камалды

Аскат Жетиген эки айга камалды

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Аскат Жетиген

20-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырчы, акын жана активист Аскат Жетигендин бөгөт чарасын карап, 19-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Т-Медиага” акындын адвокаты Венера Буудайбекова билдирди.

Жактоочунун билдиришинче, Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына кармалат.Буудайкулова алдыда райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрыларын кошумчалады.

Мурдараак УКМК Аскат Жетигенге Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болгон. Адвокаттын айтымына караганда, ырчынын 15-марттагы видеосу боюнча экспертизанын жайынтыгы чыгып, ошонун негизинде айып коюлган.

Аскат Жетиген 15-мартта өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындап, сөгүнгөн видеосун жүктөгөн. Анын эртеси эле Улуттук коопсуздук кызматы акынды 48 саатка кармаганы белгилүү болгон.

Жактоочуларынын айтымында, атайын кызмат ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам "бийликти басып алууга чакырык жасалган" деп шектеп, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. 18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ырчынын баш коргоо чарасын карап, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Ал эми Аскат Жетиген өзүнө карата коюлуп жаткан айыптарды кылмыш деп эсептебей тургандыгын айткан.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал көпчүлүккө "Зарыкканда" деп аталган ыры менен белгилүү. Акын буга чейин казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларга карата сын айтып келген.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей