БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аскат Жетиген: коюлган айыптарды кылмыш деп эсептебейм

Аскат Жетиген: коюлган айыптарды кылмыш деп эсептебейм

Аскат Жетиген, 18.03.2024. Сүрөт: T-Media

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди. Алдын-ала маалыматтарга караганда бүгүн, 18-мартта анын бөгөт чарасы каралмак. 

Ал өзүнө карата коюлуп жаткан айыптарды кылмыш деп эсептебей тургандыгын айтты. 

"Мага коюлуп жаткан айыптар кылымыш эмес. Аткени буга чейинки убакта көп жолу сылык-сыпаа кайрылып келгем. Күбөлөр дагы бар. Ошолордун бардыгы тастыктап бере алышат. Менин бийликке болгон кайрылуум айла кеткендеги иш да".

Улуттук коопсуздук кызматы Аскат Жетигенди 16-мартта кармаганы белгилүү болгон. Буга чейин анын жактоочусу Венера Буудайбекова билдиргендей, атайын кызмат ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам "бийликти басып алууга чакырык жасалган" деп шектеп, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. 

УКМК бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал көпчүлүккө "Зарыкканда" деп аталган ыры менен белгилүү. Акын буга чейин казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларга карата сын айтып келген. 

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 352 статей