БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Абактагы акын Аскат Жетиген кыйноого кабылбаганын айтып чыкты

Абактагы  акын Аскат Жетиген кыйноого кабылбаганын айтып чыкты

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Максат Боромбаев

Абактагы акын Аскат Жетиген кыйноого кабылбаганын, социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирди. Анын видео кайрылуусун жергиликтүү басылмалар жарыялады. 

"Мен кыйноого кабылды дегенден бери ден соолугума эч кандай коркунуч болгон жок. Укук коргоо органдары, күч структуралары жана бөлмөмдө жашап жаткандардан эч кимиси менин өмүрүмө дагы, ден соолугума да коркунуч келтирген жок", -деген Аскат Жетиген. 

Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын 23-майда сотто көрсөтмө берип жатып айткан. Ал мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашканын, башына баштык кийгизип сабашкананын жана кечирим суроо талабын койгонун билдирген. Бул боюнча Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын кошумчалаган. 

Жаза аткаруу кызматы акынга карата күч колдонуу болбогонун маалымдаган. 

УКМК Аскат Жетигенди ушул жылдын 16-мартында кармаган. 18-мартта Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Буга чейин жактоочусу Венера Буудайбекова билдиргендей, атайын кызмат ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам "бийликти басып алууга чакырык жасалган" деп шектеп, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. 

20-мартта УКМК Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны камакка алган.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын. Ал көпчүлүккө "Зарыкканда"деп аталган ыры менен белгилүү. Акын буга чейин казинону иштетүү, желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларга карата сын айтып келген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей