БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Аскат Жетиген кыйноолорго кабылганы тууралуу видеого түшүндүрмө берди

Аскат Жетиген кыйноолорго кабылганы тууралуу видеого түшүндүрмө берди

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

28-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда камактагы акын жана активист Аскат Жетигендин ишине байланыштуу соттук териштирүү иштери башталды. Отурумда ал буга чейин кыйноо боюнча айтканына түшүндүрмө берип, айрым маалыматтар туура эмес тарап кеткенин айтты. Акын кыйноого Бишкектеги №1 тергөө абагында эмес, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин шаардык бөлүмүндө кабылганын белгиледи. 

"Менин өткөндөгү элге болгон кайрылуумду бир аз бурмалап чыгарып салышкан экен. Мени "СИЗОдо кыйнады" деп жазышкан. УКМКнын шаардык мекемесинде кыйнашкан. Ошону тактап коёюн дегем".

Бул тууралуу буга чейин да социалдык тармактарда видео кайрылуусу тарап, анда активист тергөө абагында эч кандай кыйноого кабылбаганын билдирген.

Мунун алдында 23-майда болуп өткөн соттук отурумда Аскат Жетиген көрсөтмө берип жатып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтып чыккан. Анда ал мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашканын, башына баштык кийгизип сабашкананын жана кечирим суроо талабын койгонун белгилеген. Бул боюнча Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын кошумчалаган.

Аскер прокуратурасы териштирүү жүрүп жатканы маалымдалган. 
 
УКМК Аскат Жетигенди ушул жылдын 16-мартында кармаган. 18-мартта Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Буга чейин жактоочусу Венера Буудайбекова билдиргендей, атайын кызмат ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам "бийликти басып алууга чакырык жасалган" деп шектеп, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. 

20-мартта УКМК Жетигенге "Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси боюнча да иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны камакка алган.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын. Ал көпчүлүккө "Зарыкканда"деп аталган ыры менен белгилүү. Акын буга чейин казинону иштетүү, желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларга карата сын айтып келген.

Автор: Т-Медиа > 378 макала