БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аскерлерге карата зомбулук: беш жыл ичиндеги окуяларга саресеп

Аскерлерге карата зомбулук: беш жыл ичиндеги окуяларга саресеп

1

Өткөн жылдын жайында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Чүйдүн Беловодск айылындагы №86123 аскер бөлүгүндө Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, табарсыгы жарылып ооруканага түшкөн. Аны урууга шектелип контракттык негиздеги аскер кызматкери камакка алынган. Бул окуя коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Тилекке каршы, Бекзат Эсенбеков армиядагы зомбулуктун жалгыз курмандыгы болгон жок. «Т-Медианын» дата-бөлүмү Аскер прокуратурасынан акыркы беш жылда жоокерлерге карата зордук-зомбулук көрсөтүлүп, каттоодон өткөн бардык учурлар боюнча маалымат сурап, ага саресеп салды. Мындан тышкары онлайн басылмаларга жарыяланган 2018-2022-жылдар аралыгында жоокерлер армияда ур-токмокко алынып,  ден-соолугунан жабыркаган учурларды чогултту. 

Бир жарым айда бирден жоокер зомбулукка кабылган

Аскер прокуратурасы берген сандарга жасалган биздин анализ акыркы беш жылда армияда 96 жоокер зомбулукка кабылганын көрсөттү. Эң көп учур 2019-жылы катталса, көрсөткүчтүн азайганы өткөн жылы байкалган.

 

«Армиядагы кылмыштардын басымдуу бөлүгү келишимдик негиздеги аскер кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринен чыгып, мөөнөттүү аскерлерге карата күч колдонушканынан улам болот», — деп билдирет Аскер прокуратурасы.

Ал эми  ачык булактардан чогулткан маалыматка ылайык, акыркы беш жыл ичинде аскердик кызматынан өтөп жаткан уландар кабылган зомбулуктун сегиз  учуру катталган. Андан бери дегенде 22 жоокер жабыркаган. Зомбулуктун дээрлик бардык түрү аскер бөлүктүн кызматкерлери тарабынан жасалган. Алардын бири 2018-жылы Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө катталган. Анда катардагы жоокерди келишимдик негизде иштеп жаткан сержант сабаган. Натыйжада жоокер бетине муштум жеп, астыңкы жаагы сынып кеткен. 

 

«Арык каздырып, мончо салдырышкан»

Жоокерлердин зомбулукка кабылганы боюнча дагы бир чуулгандуу окуя 2018-жылы Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгүнүн «Ала-Тоо» полигонунда катталган. Ал жакта кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери балдарын аскер жетекчилери башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун айтып чыгышкан.  Жапа чеккендердин бири аны менен кошо дагы беш аскерди металл чогулттуруп, арык каздырып, мончо салдырышканын айткан.

«Кампа жыйнадык, ал жактан алюминий чыгарып, саттырды. Башка бирөөнүн арыгын алып барып каздырды. Төрт бала үч күн арык каздык. Мончо салдык. Мени урчу эмес, бирок балдарды урчу. Ургандарын көрчүмүн. Ошолордун кылыгынан жадап кеттим. Келип алып "тоңкулдактар", ал-бул деп ар кандай нерселерди сүйлөйт», - деп айтып берген жабырлануучу.

Окуядан кийин жоокерлердин жакындары «Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюмуна, Акыйкатчы институтуна, Кыйноого каршы борборго кайрылышкан. Бул уюмдун өкүлдөрү «Ала-Тоо» полигонуна барып, балдар менен сүйлөшкөндө, алар аёосуз кордук көргөнүн айтып беришкен.

Кийин Башкы штабдын басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчыларына ошол аскер бөлүктүн командири Болот Көчкөнов жумуштан кетип, прапорщик Жапаров, старшина Орозбаев жана старшина-лейтенант Казыбек уулуна кылмыш иши козголгонун кабарлаган. 

[caption id="attachment_102244" align="alignnone" width="1024"] Иллюстративдүү сүрөт: «Т-Медиа»[/caption]

«Офицерлердин көңүл сыртында»

Өткөн жылы Акыйкатчы аппараты армиядагы зомбулук, ур-токмок, өлүм фактылары боюнча аскер бөлүктөргө барып сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында атайын доклад даярдалган. Андагы маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкан 249 жоокердин үчөө аскер кызматкерлеринин ортосунда же офицерлер менен сержанттардын аларга карата жасаган зомбулук фактылары бар экенин айтышкан. Опузалап акча талап кылуу боюнча 244 жоокер жок, бешөө бар деп жооп берген. Командирдин дедовщинага каршы күрөшүүсүн жоокерлердин 88%ы эффективдүү деп эсептесе 29 адам (болжол менен 12%) ага макул болгон эмес.

Коопсуздук кызматынын ардагери, генерал Артур Медетбеков армиядагы зомбулук мурун келгендердин кийинкилерге болгон чоңсунуусунан келип чыгат деп эсептейт. Бул үчүн аскер бөлүктөрүндөгү офицерлер атайын иш-чараларды өткөрүп, көңүл буруп туруусу зарыл.

«Мурда куралдуу күчтөрдө аскердик зомбулук боюнча тартип бузган учурлар көп болгон. Ошонун калдыгы же ошондон алган тарбиябы бүгүн дагы уланып келүүдө. Физикалык, моралдык, психикалык жактан аскерге баргандан кийин мыйзам уставда көбү кысылат, көбү кордук көрө баштайт. Бул бир жагы болсо, экинчиси мурун келип кызмат өтөп калгандар жаңы келгендерге психологиялык кысым көргөзө баштайт. Мунун алдын алыш үчүн жеке курамдын орун басарлары дегендер тартип боюнча катуу иш алып барыш керек. Аскердик кызматткагы офицерлердин көбү буга көңүл бурбай жатат», — дейт Артур Медетбеков. 

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбековдун билдиришинче, армиядагы зомбулукка байланыштуу жыл башынан бери арыз түшө элек.  Ал кыргыз армиясын аксаткан бир катар себептерди белгиледи:

«Эң биринчиден, бул - командирлердин сапаты. Экинчиден, алардын ишти канчалык деңгээлде мыйзамга жана уставга жараша алып барганында. Командирлер уставга жараша иш алып барса эле көп терс көрүнүштөр болбойт болчу. Андан кийин ички тартиптин жоктугу, жетекчилердин ички тартипти орното албаганы. Андан сырткары аскер бөлүктөрүндөгү офицерлерди окутуп даярдоодо адам укугунун баалуулуктары тууралуу толук, жетиштүү түшүндүрүлбөгөнү болуп жатат. Алар менен да тыкыр иш алып барыш керек. Бул жерде комплекстүү иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл. Эң биринчи иш аскерге чейинки даярдыктан башталып, аскер психологдорун көбөйтүп, аларды бөлүштүрүү керек».

Рысбеков ошондой эле кызмат өтөп жаткан аскерлерге коомчулуктун да мамилеси өзгөрүшү керек деп эсептейт. Мындан тышкары, зомбулук боюнча аныкталган фактылар тыкыр иликтенип, күнөөлүү тарап жоопкерчиликти сезмейинче бул көрүнүш улана берет деген оюн кошумчалады.  

Армияда табарсыгы жарылгыча сабалган Бекзат Эсенбеков  учурда кичи мекени Таласта жашап атат. Энеси Алмакан Смаилова «Т-Медиага» билдиргендей, Түркияга барып дарыланып келгенден бери уулунун абалы кыйла жакшы. Бирок ден соолугу толугу менен калыбына келе элек. Эки айда бир медициналык кароодон өтүп турат. 

«Бат-бат эле ооруп турат. Майып болуп калат деп ойлогум да келбейт. Оор иш жасабайт. Биз жер-жемиштерди сатып иштегендиктен, машина айдап жардамдашып жатат. Азыр мен кимдин баласы армияга кетип жатат десе "иий, аман кайтып келсе экен" деп жүрөгүм ооруп, коркуп турам. Кыргыз армиясы артта калган, "дедовщина" күч», — дейт зомбулукка кабылган жоокердин энеси. 

Смаилова уулу сабалгандан кийин кыргыз армиясына ишеними кеткенин айтууда. Ата-энеси Бекзат аман калганына сүйүнүп эч кимге деле доомат айтышкан эмес.

Материалдын авторлору: Айдай Беделбек кызы, Жылдыз Орозматова, Аймээрим Дарбанбек кызы.

Бул Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Савия Хасанова. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Автор: Т-Медиа > 354 статей