БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Туманбаев: Асман шаарын куруу иштери майда башталат

Туманбаев: Асман шаарын куруу иштери майда башталат

Асман шаарынын долбоору

Бийликтин чоң долбоорунун бири катары сыпатталган Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу ушул жылдын май айында башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев "Вечерний Бишкек" басылмасына берген интервьюсунда билдирди. 

Анын айтымында, инвесторлордун сунушу менен учурда техникалык-экономикалык негиздеме кайрадан иштелип чыгууда.

"Асман шаары май айында башталат. Токтоп калды деген туура эмес. Андан бери кагаз иштери жүрүп жатат. Инвесторлор тараптан Техникалык Экономикалык Негиздемесин кайрадан иштеп чыгалы деген сунуштар болуп, ТЭНсин кайрадан жасап жатышат. Азыр бүтөйүн деп калышты. Май айынан тарта инфраструктурасы башталат. Президент капсула салган бир дагы иш токтогон жок. Үч жылдан бери асты бүтүп, арты курулуштар башталып атат. Өзүңөр көрүп атасыңар. Мына Бишкек шаарына 40 миң киши бата турган стадион башталып атат. Буга бир миллиард сом бөлүнүп берилди. Жакында Барселона стадиону менен шаарчасы башталат. Ар нерсенин өзүнүн бүтчү убагы болот да. Кичине сабыр кылып туралы", — деген ал.

Асман шаарынын курулушуна 2023-жылдын 30-июнунда старт берилген. Долбоор боюнча шаар "акылдуу шаар, соода-сатык, спорт жана көңүл ачуу" багытында төрт бөлүккө бөлүнөт. Калаада жогорку ылдамдыктагы поезд жүрөт, электрмобилдерди кубаттоочу жайлар менен жабдылат. Эл аралык дэңгээлдеги көп тилкелүү аба майданы курулат. Жети жылдыздуу мейманканалар жана көңүл ачуучу казинолор болот деп маалымдалган.  

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Бирок андан бери эч кандай курулуш иштер жүргүзүлө элек.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей