БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандан бара турган улакчылардын тизмеси белгилүү болду

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандан бара турган улакчылардын тизмеси белгилүү болду

Улуттук курама команданын Ысык-Көлдөгү машыгуулары. Сүрөт: Көк бөрү федерациясы

Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 18 улакчы барат. Көк бөрү федерациясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, турнирде көк бөрү жана жер улак боюнча мелдештер өтөт. Анда бир улакчы спорттун эки түрүнө тең катыша алат.

Маалыматка караганда, ушу тапта улуттук курама команда Ысык-Көлдө машыгууда. Сентябрдын башында алар Астанага кетет. Улакчыларды саяпкерлер, машыктыруучулар жана жетекчилер коштоп барат. Оюнчулардын минген аттары дагы жөнөтүлөт.

Кыргызстандын улуттук курама командасына төмөнкү оюнчулар кирди:

- Жолдошбек Орозбаев;

- Манас Ниязов;

- Дастан Сагынбек уулу;

- Эрлан Төлөбеков;

- Дастан Русланов;

- Рустам Тыналиев;

- Фархат Бейшекеев;

- Ильяз Исаков;

- Кубаныч Султан уулу;

- Кушчубай Илис уулу;

- Исхак Бекболот уулу;

- Нооруз Раатбек уулу;

- Өмүрбек Эсен уулу;

- Нуржан Мелисбек уулу;

- Нурдин Болотбеков;

- Эмирлан Жеңишбеков;

- Майрамбек Рыспеков;

- Баяман Муралим уулу.

Көк бөрү алгач Көчмөндөр оюндарынын тизмесине кирбей калганы айтылган. Маселе президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон апрелдеги иш сапарында чечилип, кайра программага кошулган.

Быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Өлкөнүн Спорт жана туризм министрлигинин маалымдашынча, ага жүздөн ашык өлкөдөн 4 миңден ашык катышуучу келери күтүлүүдө. Анда спорттун 20 мелдештик жана 10 көргөзмө түрүнөн жарыштар өтөт. Көчмөндөр оюндарынын алкагында Астана шаарында "Көчмөндөр ааламы" этно-кыштак ачылат. Бул жерге келгендер каpак элинин жана оюндарга катыша турган өлкөлөрдүн маданияты, салты менен тааныша алат. Этно айыл күнүнө 30 миңге чейин адамды кабыл алууга ыңгайлашат.

Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчулар спорттун 14 түрүнөн катышып, 58 медалга ээ болушкан. Анын ичинде 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

Автор: Т-Медиа > 355 статей