БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Ат улоолор менен ташучубуз". Эл аралык уюмдар Араван менен Кадамажайда таза суу көйгөйүн чечишти

"Ат улоолор менен ташучубуз". Эл аралык уюмдар Араван менен Кадамажайда таза суу көйгөйүн чечишти

Жасалма интеллект тарткан сүрөт

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тоо-Моюн айыл өкмөтүндөгү айылдардын жашоочулары көп жылдан бери таза суу тартыштыгынан кыйналып келишкен. Тургундар ичүүчү сууну үч чакырым аралыктан сатып алып, ал эми күнүмдүк керектөөгө арыктан алып колдонушчу. Ушундай эле түйшүк Баткен облусунун Кадамжай районунда да жаралган. Бирлик айыл өкмөтүндө караган алты айыл таза сууга муктаждыгын айтып келишкен. Жергиликтүүлөр дээрлик элүү жылдан бери чечилбей келген көйгөйдү эл аралык коомдук фонддордун колдоосунда чечишти. 

 

"Ат улоолор менен суу ташучубуз"

Төрт балалуу Арзыгүл Мырзаева Араван районунун Ынтымак айылында жашайт. Аталган айылда таза суу эң курч көйгөлөрдүн бири болгондуктан алардын үй-бүлөсү бул азапты көп жыл тартышкан. Ат улоолор менен бир чакырым аралыктан суу ташууга мажбур болушчу. Чон айылды түйшүккө салган маселе эл аралык фонддор аркылуу чечилгенине аз гана убакыт болду. 

"Кайсыл маалда болбосун электр жарыгы бар болсо деле, жок болсо деле суу дайыма чыгып турат. Үйүбүзгө алып кирип алдык. Кир жуучу автомат машина, фильтирлөөчү аппараттарды койдуруп кыйналбай калдым. Себеби мурда суу ташыганга бир топ убактым кетсе, суу алып келип кир жууганга деле көп убактың кетип калчу. Азыр убактым көп болуп, балдарымы окутканга, аларга даамдуу тамак жасап бергенге кеңири жетишип калдым", -дейт Мырзаева.

Айылдаштары менен бирге суу азабын айыл түптөлгөн 1968-жылдан бери тартып келген Абилбек Кушчиев көйгөй артта калганын айтып кубанат. Элеттиктердин эң негизги түйшүгү FSDS коомдук фонду тарабынан чечилгенин.

"Атка араба, эшекке араба, арабага идиштерди салып суу алып келет элек. Кийин "Портер" менен алып келип калдык. Кимде болсо идиштерди беребиз, суу алып келип берет. Андан кийин мына кудайга шүгүр ар кимибиздин үйүбүздүн алдынан крандан суу чыгып калды. Баарыбыз жыргап отурабыз. Араба таптакыр эле эсибизден чыкты. Мурда айла жок ат, эшек кармайт элек. Суу ташыйт элек да. Үч чакырымдан транспорт болбосо кантип алып келесиң. Азыр эми мына суу чыгып, көчөгө дагы чыкпайбыз. Эки жылдан бери кубанычыбыз койнубузга батпай отурабыз. Азыр балдарыбыз, келиндерибиз дагы кыйналбайт. Крандан ашыкча суу агызбайт. Сууну үнөмдөйт, этият кылат. Жакшы иштеп жатат токтобой", -деди ал. 

Акылдуу эсептегичтер орнотулду

Ынтымак айылына коомдук уюм долбоордун алкагында сууну үнөмдүү пайдаланып, элге тегиз жеткирүү жана суунун толомдорун натыйжалуу башкаруу учун "Билинг" системасы акылдуу суу эсептерди койгон. Аталган система таза суу ишканасындагы жумушчулардын да ишин жеңилдетет. Көрсөтмөнү алгандан кийин "Билинг" система ким, канча суу ичкендигин, канча сомдон экендигин өзү автоматтык түрдө эсептеп, билдирмелерди даярдап чыгат. Абоненттерге карызы боюнча вотсапка кат жөнөтөт.  

Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын жардамчысы Акмат Осмоновдун айтымында, акыркы учурларда фонддор менен иштеп, мамлекеттен жардам алып, айылдардын дээрлик баарын таза суу менен камсыз кылган. 

"Жалпысынан 5 млн сомдук материалдык жардам беришти. Азыр FSDS коомдук фонду менен сүйлөшүп, дагы биргеликте бир айылга суу маселесин аткарып бергиле деп суранып жатабыз", -деди ал.








"Таза суу чыгып, үйүбүзгө заманбап шарттарды түзө баштадык"

Араван районундагыдай эле таза суу көйгөйү Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндө да курч болчу. Элүү жылдан бери чечилбей келген бул маселе боюнча жергиликтүүлөр бийликке кайрылганы менен чечилбей келген. 2015-жылы тургундар коомдук фонддор менен кызматташунун натыйжасында таза суу айылдарга кудук катары тарттырылган. Кийин 2021-жылы фонддун жардамы менен Жал жана Жаңы-Коргон айылдарында таза суу ар бир тургундун короосунан чыга баштаган. 

Короодон чыккан таза суу элеттиктердин түйшүгүн жеңилдетти. Тургундар үй тиричилик техникалык жабдууларды орнотуп, заманбап шарт түзө баштады. 

"Таза суу чыгып, душтарды куруп, акырындап өнүгүп жатабыз. Азыр балдарыбызга, келиндерибизге жеңил болуп калды. Бир адам суу ташыйт эле, малга беребиз, кир жууйбуз. Балдар мектептен келсе "суу ташы" дейт элек. Азыр эми кыйла жеңил болуп калды",  -дейт Жалдын тургуну Гүлүмкан Шергазиева.

Коомдук фонддун жардамы менен Бирлик айыл өкмөтүндөгү алты айылдагы ар бир үйгө таза суу киргизүү каралган. Уюм тарабынан керектүү жабдыктарга 3 млн сом каражат бөлүнүп берилген. Учурда төрт айылга кудук орнотулуп, суу эсептегич коюлду. Дагы эки айылда шаймандарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

 FSDS коомдук фонду тарабынан Кыргызстан боюнча 45 айылга суу түтүктөрү тартылган. Аталган фонд 2014-жылы аймактагы өнүгүү маселелери боюнча долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашыруу  максатында түзүлгөн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей