БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ата-энесин багуудан качкандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Ата-энесин багуудан качкандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

1

Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында Кылмыш-жаза жана Үй-бүлө кодекстерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдак кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Талкууда депутат Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге да жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.

“Ата-энесин карабагандарды жоопкерчиликке тартабыз деп, бирок башканы унутпашыбыз керек. Кээде ата-энелер балдарын карабайт да. Ошолорго да биз жоопкерчиликти көрсөтсөк. Ырас бир жапгы болуп жатса, экинчи жагын да унутпаш керек. Экинчи окууга ушундай сунуш берсемкандай карайсыздар?”, -деди Бекешев.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов кесиптешинин сунушу экинчи окууга чейин эске алынарын айтты.

Ал эми депутат Камила Талиева балдарына карата арыз жазган ата-энелердин санын тактады. Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиевдин маалыматы боюнча, быйыл алты айдын ичинде карылар үйүндө жашаган 19 адамдан балдарынан алимент өндүрүү боюнча арыз катталган.

Аталган мыйзам долбоордо ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткендерди мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштешине тыюу салуу сунушталууда. Ошону менен бирге эле улгайган ата-энесин бакпаганы үчүн алимент төлөөдөн качкандарга салынчу айып пулдун көлөмүн көбөйтүүнү демилгелеген. Учурда айыптын суммасы 20-50 миң сом болсо, депутат 50 миңден 100 миң сомго чейин жогорулатууга белсенүүдө. Болбосо бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Азыркы тапта 40тан 100 саатка чейинки коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

Автор: Т-Медиа > 354 статей