БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ататүрк паркынын аймагындагы үйлөрдүн жашоочулары бийликке кайрылышты

Ататүрк паркынын аймагындагы үйлөрдүн жашоочулары бийликке кайрылышты

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагындагы бузулат делген үйлөрдүн ээлери 20-майда парктын күн чыгыш тарабына топтолушту. Чогулгандардын айтымдарында, алардын колунда турак жайларынын мамлекеттик органдар тарабынан берилген тиешелүү документтери, кызыл китеби бар.

Жергиликтүүлөр үйлөрүн жылдап миграцияда жүрүп топтогон акчаларына сатып алышканын, алды дагы деле төлөп бүтө электигин айтышууда. Алар жеке менчик укугун коргоп берүүнү суранып президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук кмамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылышты. 

Буга чейин Бишкек мэриясы аталган сейил бактагы объекттерди бузуу иштери 20-майда башталарын кабарлаган. 

Апрелде мэрия Ататүрк паркындагы курулуштарды сүрдүрүү боюнча чечим кабыл алган. Калаа башчысы Айбек Жунушулиев бул чечим менен мэриянын буга чейинки жер берүү боюнча чыккан 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ошондой эле жер тилкелерин берүүдө кол коюп, уруксат берген ошол кездеги жетекчилердин да жоопкерчилиги карала турган болгон. Бул боюнча прокуратура органдарына кайрылуу болуп жатканын кабарлаган. Парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде иш алып барарын кошумчалаган.

Жергиликтүү бийлик Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн эс алуу зонага таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөп жатат. Мэрия Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июндагы № 225 "СССРдин 50 жылдыгы" сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Буга чейин Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагы азайып, жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткенин иликтеп чыгышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей