БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

«Атам мени мээнеткечтикке үйрөттү». Атакул Жалилов менен маек

"Атам мени мээнеткечтикке үйрөттү". Атакул Жалилов менен маек

Сүрөт: "Т-Медиа"

"Пай-пай"сөзү трендге айланып, эл назарын бурган "Тез Кабар" ютуб-каналынын негиздөөчүсү Атакул Жалилов  менен маектештик. Ал ишкерликке канча жашынан аралашканын, "Тез Кабарды" кантип негиздегенин, азыркы жана мурдагы кызмат акысын, үй-бүлө, ата-энеси тууралуу айтып берди.

 

"Тарых жараткым келет"

- Анткени ушул жашка чейин өндүк-өстүк, ишмердүүлүк кылдык. Кудайга шүгүр, бүгүн да иш жасап жатабыз. Эмне иш жасап келсек балким, өзүбүздүн тармагыбызда тарых жараткандырбыз. Мен мисалы, блогерлик, ошол эле теле, гезит тармагында көп иштедим. Журналистика тармагында өзүмдүн деңгээлимде тарых жараткандырмын. Мындай кийн дагы бизнесте болобу же ушул эле ишмердүүлүктө болобу тарых жараткым келет. Жөн эле эл катарында басып жүрө беребей, алардын арасынан суруулуп чыгып,  бир нерсени кийинки муунга мурас катары калтыргым келет. 

"Апам мени 8-мартта төрөп койгонуна сүйүнөм"

- Бул күнү аялдар менден белек доолабай эле коюшсун ( күлүп). Эжелеримден, апамдан белек доолап коём тийишип. Атымды Атакул деп чоң атам койгон. Биз үй-бүлөдө үч уул, төрт кызбыз. Агамдын аты Жумагул, менин атым Атакул, инибиздин аты Кудайкул деп уюкаштырып койгон экен. Бирок 8-мартта төрөлгөнүмө сүйүнүп, энем Мартбек коюну каалаган экен. Кеңешип олтурушуп, чоң атамдын айтканы айткан, дегени деген болуп анын ою басымдуулук кылып атым Атакул коюлган. 

"Ата-энем мага тирүүлөй үлгү"

- Бала үчүн ата-эне өтө ыйык нерсе да. Башкалар айткан сөздү эле айтабыз. Ата-энем өстүрдү, чоңойтту, ушул деңгээлге жеткирип койду. Алар болбосо кайдагы Атакул. Ата-эне бала үчүн тирүүлөй үлгү экен да. Анткени үйдө  алар кандай болсо, бала ошону карап өсөт экен. Ата-эне мээнеткеч болсо, бала да мээнеткеч болот. Менин атам аябай мээнеткеч, апам дагы өмүр бою чарбада болду. Атам мугалим, мээнеттин үстүндө эле бизди өстүрдүрдү. Эрте менен эрте кыш мезгилинде таңкы саат беште азан айтыла электе тургузчу. Уйкусурап жатып зорго турчумун. Жаштайыбыздан ата-энем ушундай эрте туруууга, мээнеткеч болууга үйрөттү. Эрте менен туруп алып, таң атканча чейин кой-эчкилер бар болчу, төл салчубуз. Антип-мынтип атып, саат бештен таң атканга чейин убакыт кантип өтүп кеткенин билбейт элек. Бул кыштагы көрүнүш. А жай мезгили чөп чабык бар, аны жыйноо, ором кылыш бар. Жер чабыш керек дегендей. Айылдагы турмушта иш көп. Жай мезгилинде да таң атып атпай туруп тур Жумагул, Атакул Кудайкул деп атам да, апам да эрте тургузуп, мээнетке үйрөттү да. Ошол эле нерсени апам кыздарга үйрөттү. Тур турагой мына ишти жасайгой. Ошентип, бизди өздөрү үлгү болуп өстүрдү. Азыр кудайга шүгүр бир туугандарым ар бири өз үй-бүлөсү, бала-чакасы менен жакшынакай, татынакай, бактылуу жашап жатабыз. Бул жагынан алып караганда, ата-энебиз бизге өзүнүн жүрүм-туруму, коомдогу жасаган иши, эмгеги, үйдөгү чарба дагы мээнети менен тирүүлөй үлгү боло алды. Эми ушундай үлгүнү мен балдарыма жакшынакай өткөрүп берсем экен дейм да. 

"Мага чыдаган келинчегиме, балдарыма ырахмат"

- Негизи атамдай болгум келет. Атам эрктүү, күчтүү,  тайманбаган, көздүү киши. Өмүрү узун болсун. Мен азыр сапарда көбүрөөк жүрүп калам да. Бир айда 30 күн болсо, 10-12 күн эле Атакул үйдө. Мага чыдаган келинчегиме, балдарыма ырахмат дейм. Себеби үйдө атам "качан келет экен?" деп күтөт.  А кээде айылдан атам, апам чалат "үйгө качан келесин, бала-чакаң эсиңден чыгып калбадыбы?" дейт. Жумуш деген ушундай чет өлкөгө, Чүйдө, Көлдө, Таласта, Нарында жүрөм. Көбүнчө бала тарбиясы келинчегимдин мойнунда. Келинчегиме айтам, "балдарды жакшы тарбияла. Эгер, бала жакшы тарбиялуу болсо да, начар тарбияланса да сен жооп бересиң, сенин мойнуңда" деп тийишем (күлүп). Негизги жоопкерчиик менин мойнумда. Атам мага кандай тарбия берсе, мен дагы ошондой тарбия бергенге, көбүрөөк убакыт бөлгөнгө аракет кылам. 

"Үй тапшырмаларын аткараганга чейин уктачу эмесмин" 

- Мектепти мен чындап жакшы окудум. Мактаныш эмес класста эң жакшы окуган беш окуучу болсо, ошонун бири болчумун. Математикадан гана эсептерди, формулаларды чыгара албай калганым болбосо, калган гуманитардык ошол эле кыргыз тил, адабият, биология, химия, физиканы жакшы окудум.  Кошумча курстарга катышат элем. 6-класска чейин айылдагы жөнөкөй эле мектепке окуп, 7-класстан тартып гимназия ачылып калып ошол жакка которулдум. Мен окууга гана көңүл бурчумун. Үй жумуштарын бүтүргөндөн кийин тапшырмаларымды аткарганга чейин Атакул уктачу эмес. А бирок өмүрүмдө сабактан чыгып, спорт залга, стадионго барып топ тепкен бала эмесмин. Топко, спортко кызыкчу эмесмин. Азыр эле анча-мынча, волейбол, тенниске кызыгып койбосом. Айылда спорттон алыс чоңойдум. Бош убактым жок эле. 

"7-кластта тегирмен иштеттим"

- Бирок мен дипломду тандап алган кесибимди аягына чыгара алган жокмун. Мектепте окуп жүргөндө анча-мынча ыр жазып чиймелеп койчумун. Адабий чыгармаларды көп окуйт элем. Конкурстарда, майрамдарда интермедиялардан түшчү эмесмин. Ошондон улам бул жак мен үчүн өзгөчө, мындайча айтканда оң колтугумда. А бир жагы техникага жаштайымдан кызыгып келдим. Атамдын машиналарын мине коюп, бузулса оңдой коюп. 7-класста атамдын бир уйун саттырып ыйлап жүрүп тегирмен алдырдым. Тегирменди иштетип коюп, китеп окуп, сабагымда даярдачумун. 10-класска келгенде ойлоно баштадым, 11-класстын алты айы эле кесип тандоо менен өтүп кетет экен. Каяка тапшырсам экен деп жатып, анан ЖРТдан 119 балл алып ОшТУнун Энергетика факультетине тапшырдым. Бирок бюджет эмес, атам кызыгумду сыйлап тапшыртты. Бул адистикти бүтүп, унверситетте бир эле жыл мугалим болуп иштедим. 

"Мени "Ош Пирим" пайдаланды, мен "Ош Пиримди" пайдаландым"

- ОшТУда маалымат тармагында көп иштедим. "Жаштык" деген телестудия бар эле, анда операторлуктан баштап, директорулукка чейин иштедик.  Газетасы дагы бар эле. Теле адамы, кошумча гезетчикмин. Ошондуктан өзүмдү дипломум жок болсо да журналистин деп эсептейм. Ошондон улам да телеканалга келип калдым. “Ош Пиримде” беш жарым жыл иштептирмин. Мени "Ош Пирим"пайдаланды, мен аларды пайдаландым. Ал болбосо балким, мен универстеттин эле чөйрөсүндө калып кетмекмин. Ал жерден жамандык көрбөдүм, өстүм. Көп тармактагы, ишкерлер, бизнесмендер менен тааныштым. Карасам телеканалдын ээси үчүн эле потенциалымды, энергиямды жумшап жүрө берет экенмин. Анан өзүм менен өзүм сүйлөштүм. "Сенде энергия, иштейм деген каалоо болсо, сен эмне үчүн энергияңды өзүн үчүн жумшабайсың?" дедим. Кайсы бир саясатчы үчүн жумшайсың. Өзүмдүн жолумдун табайын, тарых жаратайын деген чечим менен арызымды жазып, "Ош Пиримдин" ээси Бердибай Пирматовичтин ак батасын алып, калпагын, чепкенин кийип, камчысын алып бир жакшына чыгып кеттим. 

"Тез Кабарды бешөөбүз - телефонум, ноутбугум, велосипедим, көк рюкзагым болуп баштадык"

- "Ош Пиримде" акыркы мезгилде иштеп жатканда аткаруучу директор элем. Өзүмө кызматтык унаа берген. Бензинимди куюп, шартымды түзүп берсе, килейген кабинет кылып берсе, ушул нерсени таштап, жаңыдан нөлдөн бир нерсени баштап, өзүмдү сынап көрөйүнчү деп, анан "Тез Кабарды" баштадым. Жумуштан кетип жатканда телеканалдын ээси Бердибай Пиримовичге арызымды жазып барсам, сөгүп кабинетинен кууп чыккан. Бирок мен көгөрүп туруп алдым. Интернет тармагында Ютуб жаңы башталган, суроо-талап күчөгөн мезгил. Эл эмнеге муктаж экендигин, биринчи көз алдымдан өткөрүп, тизмелеп жаздым. Чындыгында адамдын турмуш- тиричилигине керектүү болгон маалыматтарга эл зар. Эч бир телеканал Кара-Сууга барып, техника, товардын баасын эч ким айтпайт. Мал базарга, машина базарга барып бааларын, сатыла турган үйлөрдү эч ким айтпаса, телеканалдар анча-мынча өндүрүш ишканаларды көрсөтүшү мүмкүн. Бирок расмий ЖМКлар ал нерсени көрсөтпөгөнү айдан ачык. Ушул боштукту мен сездим. Тизмектеп алып, мал базардан баштадым. Телеканалдан кеткенден кийин өтүк, аскердик чапанды кийип алып мал базарга барсам күлүштү. "Фейсбукка" дагы жазышты, бетиме, артыма дагы айтышты. Чыдаганга туура келди, анткени ал менин тандоом болду. Бирок чөнтөгүмдө тыйыныным жок.  Мен ошон үчүн жалгыз эмесмин деп айтам. 

"Бир жарнамага 1000 сом кызмат акы сурадым"

- Каналды иштетип баштаганда, мал, машина, курулуш материалдарды жөн эле тартып жүрдүм. 2-3 айдан кийин суроо талап башталды. Үйлөрдү тартууга өттүм. Оштун көчөлөрүн велосипед менен кыдырдым. Сатылат деген жазуусу бар үйлөргө барып, ээсине чалам. "Үйүңүз сатылат экен жарнама жасайт элек, Ютубга бекер эле чыгарып берем десем" болду деди. Ошентип, 5-6 үйдү тарттым.  Интернетке чыккандай кийин, менин номеримди сурап башташты. Бир жарнамага 1000 сом кызмат акы сурадым. Баарын эске алып. Алгачкы алган акчам миң сом. Бирок азыр миң долларлык жарнама жок. Ким айтса да ал жалган, анда мен байып эле жатып калбаймынбы. Жарнаманы көлөмүнө, категориясына карап койгон өзүбүздүн тарификациябыз бар. Эң минималдуу баа 500 сомдон башталат. 

"Пай-пайдын "пай-пай" болгонуна өзүм да түшүнбөй калдым"

- Эл өзү эле популярдуулукка чыгара берет экен да. Негизи мен бир нерсени тартсам эмоция менен сүйлөгөн адам экенмин. Барды бардай, таң калсам таң калганымды көрсөтүп жасайм. Бир нерсеге жиним келсе эфирде деле жиним келет, оозумдан кандай сөз чыкса ошол эмоция менен бергенге аракет кылам. Бул өзү ата-бабабыз айтып эле келген сөз да. Бул сөз (ред- пай-пай) бүгүнкү күндө уктап калган болчу. Аны кандайдыр бир деңгээлде биз ойготтук. Ага чейин "охооо", анан "ох-ох-ох" деген сөз, үчүнчү трендде "пай-пай" катуу трендге чыгып кетти. Менин берүүлөрүмдө өндүрүш тармактарында, чарбалык тармактарды көрсөтүп жатканда, таң калыштуу нерселерди көргөн жерлерде айткан нерселерим бар экен. Ошол жерди эле "Тик-Токко" кыркып алып, популярдуулукка чыгып кетти. Бүгүн бирөө Бишкекте "пай-пай" деп кафе ачып алыптыр. Бир жерге барсам, "пай-пай чай бар" деп жазып коюптур. Өзүм көрүп алып өзүм сүйүндүм. Кесиптешим Ыдырыс айтпадыбы "гангирбаш" деген эмне десе сөгүнгөндөн жакшыраак сөз деп. 

Кээ бир нерселерди ылгабай чыгарып, эл зыян тарткан учурлар болду

- Жарнамаларды тандайбыз, ылгайбыз, кээ бирине жаман көрүнөбүз. Бирок сырттан караганда, ылгабай эле чыгара берген сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Биздин жумуш да түйшүктүү. Балким, ачыгын айтыш керек башында кээ бирин нерсени ылгаганга кээ бир нерсени териштергенге, туура же туура эмес экендигине менин билим деңгээлим, тажрыйбам жетпеди. "Тез Кабардын" ачылганына беш жыл болсо, бир-эки жыл адаштым, мүдүрүлдүм. Кээ бир нерселерди ылгабай эле чыгарып, ошондон эл зыян тартып калган учурлар да болду. Муну мен мойнума алам. А бирок бул жумуш күндөн-күнгө адамды бышырат экен да. Документ иштерине, териштирүүгө, иликтөөгө. Мисалы, курулуш тармагын башында түшүнчү эмесмин азыр толук билем. 

"Данияр Жаныкулов боюнча акыркы жагдайга баа бере албайм"

- Биздин жаңылыктар бөлүмүбүз бар да. Ошондогу балдарды дайындагам. Өзүм жарнама иштери менен жүргөн үчүн  көбүнчө жаңылыктар бөлүмүнүн кызматкерлери иштешти. Эми негизги жоопкерчилик баары бир менде. Ал жердеги көп ашкананы, күндөгү күн тартиби менин көзөмөлүмдө болбоду. Анткени ошол убактарда сапарда көбүрөөк жүрүп калдым. Кээде күнүмдүк иш тартибинде  эмне сьёмкалар болуп жатат, эмне чыгып жатат өзүм да билбей калдым. Сьемканын бирине да катышпаганым үчүн ал кишинин ишмердүүлүгү, акыркы учурда болгон жайгдайын туура же туура эмес деп айта албайм. 

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала