БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Атасы абакта". Акыйкатчы ымыркайын таштаган келин менен жолукту

"Атасы абакта". Акыйкатчы ымыркайын таштаган келин менен жолукту

Жасалма интеллект тарткан сүрөт

Бишкектин Арча-Бешик конушунда табылган наристенин энеси анын атасы абакта экенин айтып берди. Бул тууралуу Акыйкатчы иституту билдирди. 

 

Акыйкатчынын өкүлдөрү 21-ноябрда келин менен жолукканы милициянын убактылуу кармоочу жайына барган.

"Ал үй шартында төрөгөнүн, ата-энеси кош бойлуу экенинен кабары болбогонун, баланын атасы тааный турганын, ал абакта отурган киши экенин айтып берди" - деп айтылат маалыматта. 

Келин медициналык кароодон өтүп, мамлекеттик адвокат бөлүндү. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш жасоого аракеттенүү" жана "Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү" беренелеринин негизинде айып тагылып жатат. Ал эми ымыркайга бронхопневмония деген диагноз коюлду. Азыр ооруканада реанимацияда. 

19-ноябрда Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы төрөлгөн ымыркай тоңуп калган абалда табылган. Келин наристени желим баштыкка ороп, кутуга салып үйлөрдүн биринин алдына таштап кеткен. Анын апасы деп 20 жаштагы кыз кармалган. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей