БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкектин мэри Ататүрк паркындагы үйлөр соттун чечимисиз бузулбай турганын айтты

Бишкектин мэри Ататүрк паркындагы үйлөр соттун чечимисиз бузулбай турганын айтты

Ататүрк паркындагы үйлөрдүн бузулушуна каршы чогулгандар. Сүрөт: T-Media

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркындагы үйлөр соттун чечимисиз буздурулбай турганын билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдап, калаа башчы 20-майда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогуу Координациялык кеңештин жыйынын өткөргөнүн билдирди.  

Мэриянын маалыматы боюнча, "Мустафа Кемал Ататүрк атындагы парктын чек арасын бекитүү жөнүндөгү" токтомду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу маселе боюнча маалымат угулду. 20-майга карата мэриянын юридикалык кызматтары тарабынан сот органдарына 19 доо арыз даярдалып берилген. 

Сейил бак курулуштарды бузууга каршы чогулган эл менен Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жолукту. Ал муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган чарбалык курулуштар жакынкы күндөрү бузуларын, мунун баары мыйзам чегинде болорун билдирди. 

"Биринчи этапта муниципалдык жерге чыгып кеткен жеңил конструкция, тосмолорду, имараттарды, мекемелерди өз калыбына келтиребиз. Экинчи баскычта сотко бул иш боюнча 90дон ашык доо даярдадык. Анын ичинен 19 доо арыз сотко жиберилди. Сот кандай чечим чыгарса ошол менен иш алып барабыз", -деди ал. 

Ататүрк паркынын аймагындагы бузулат делген үйлөрдүн ээлери бүгүн, 20-майда парктын күн чыгыш тарабына топтолушту. Алар колунда мамлекеттик органдар тарабынан берилген тиешелүү документтери, кызыл китеби бар экенин айтышууда. Чогулган эл жеке менчик укугун коргоп берүүнү суранып президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук кмамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылышты. 

Буга чейин Бишкек мэриясы аталган сейил бактагы объекттерди бузуу иштери 20-майда башталарын кабарлаган. 

Апрелде мэрия Ататүрк паркындагы курулуштарды сүрдүрүү боюнча чечим кабыл алган. Калаа башчысы Айбек Жунушулиев бул чечим менен мэриянын буга чейинки жер берүү боюнча чыккан 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ошондой эле жер тилкелерин берүүдө кол коюп, уруксат берген ошол кездеги жетекчилердин да жоопкерчилиги карала турган болгон. Бул боюнча прокуратура органдарына кайрылуу болуп жатканын кабарлаган. Парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде иш алып барарын кошумчалаган.

Жергиликтүү бийлик Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн эс алуу зонага таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөп жатат. Мэрия Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июндагы № 225 "СССРдин 50 жылдыгы" сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Буга чейин Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагы азайып, жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткенин иликтеп чыгышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей