БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Матраимов менен байланышпаган кайсы саясатчы бар?" Атазов Зулушевди сындады

"Матраимов менен байланышпаган кайсы саясатчы бар?" Атазов  Зулушевди сындады

Шайлообек Атазов/ Видеодон скриншот

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов атайын билдирүү жасап, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгонун айтты.

"Ушул мандатты эки жылдан бери артыман кууп жүрүп башкы прокурор максатына жетти. Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар (ред-өзун айтып жатат). Урматтуу кыргыз элим, Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин дагы өтө көп адамдар менен байланышкам. Мына башкы прокурор Зулушев сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө "Раим досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле? Үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо, үч жылдан бери көрбөй калдыңызбы? Кечээ Муфтияттын имаратын ачып жатканда кармап албайт белеңиз?", -деди ал.

Атазов мындан сырткары парламент төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, Жогорку Кеңештин депутаттарын коргоого чакырды. Депутат бийликтин чек ара, казино, Баш мыйзамды өзгөртүү сыяктуу бардык чечимдерин колдоп келгенин белгиледи. Бирок казино мыйзамын колдогону үчүн өкүнгөнүн айтып, элден кечирим сурады.

6-мартта Бишкектин административдик соту Бишкек шаарындагы №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты жокко чыгарылганын маалымдаган. Мекеме ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун бекиткен.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Шайлообек Атазов ден соолугунан улам акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткенин кабарлаган. 

Жергиликтүү басылмалар Шайлообек Атазов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан иштен улам чет жакка чыгып кеткенин жеке булактарына таянып жазышкан. Андан кийин Атазаов кайрылуу жасап, ушул тапта Түркияда дарыланып жатканын, кайра өлкөгө кайтып келерин билдирген.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы депутаттыка аттанган.  Анда талапкерлердин бири Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айтыпталып, жарыштан четтетилген болчу. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей