БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Авангард стиль" компаниясынын башкы директору эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

"Авангард стиль" компаниясынын башкы директору эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Сүрөт: "Вести"

"Авангард стиль" компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев эч жакка кетпөө тил каты менен 31-октябрда бошотулду. Бул тууралуу "Т-Медиага" Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко УКМКнын тергөөчүсү келтирген. 


 

 Ал эми Бишкектин Октябрь райондук сотунун 30-октябрдагы чечими менен "Эмарк Групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү 2024-жылдын 4-январына чейин узартылды. 

 

Эки ишкерди тең УКМК тарабынан кармалган. Алар "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча айыпталууда. 

 

Буга чейин "Мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер кармалган. 11-октябрда ишкер Олег Подобедов УКМК  тарабынан кармалып, фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилген. 

 

Андан кийин ушул эле күнү Kaganat Resort жана "Аврора Групптун" негиздөөчүсү Азрет Боотаев кармалган.

 

"Элит Хаус" курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев 10-октябрда суракка чакыртылып, андан кийин кармалган. 11-октябрда Октябрь райондук соту тарабынан Файзиевди 9-декабрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камоо боюнча  чечим чыккан. 

12-октябрда "Альфа Телеком" ЖАКтын (MegaCom) башкы директорунун мурдагы биринчи орун басары Арстанбек Темирбаев СИЗОго киргизилген.

 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей