БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Аялы менен кошо кайненесин сабады делген жаран жети суткага камалды
Аялы менен кайын энесин сабаган деп шек саналып жаткан 35 жаштагы жаран Кара-Суу райондук сотунун чечими менен жети суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 30-ноябрда Мады айыл аймагынын 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, күйөө баласы ур-токмокко алганын билдирген. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ден-соолугуна жеңил зыян келтиргени аныкталган. Күйөө баласы үстүнөн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 57-беренеси ( "Ден-соолукка атайын жеңил зыян келтирүү") негизинде материал топтолуп, райондук соттун кароосуна жиберилген. Мындан сырткары аталган жарандын үстүнөн аялын ур-токмокко алуу фактысы боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.
"Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда", -деп жазылат маалыматта.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat