БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти кылмыштуу топту каржылоого шектелүүдө

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти кылмыштуу топту каржылоого шектелүүдө

УКМК тараткан сүрөт

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти Бакытбек Өмүракунов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 18-сентябрда тараткан маалыматта ал кримтөбөл Камчы Көлбаев менен каржылык байланышта болгону айтылат.

Мындан сырткары Өзбекстанда бизнес жүргүзүүгө колдоо алуу максатында өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиев менен байланышы аныкталган. 

"О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеп, Кыргызстандын саясий багытын колдоорун билдирип, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме кабыл алынды", -деп айтылат маалыматта. 

"Аю Холдинг"20 жыл мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай"жана башкалар бар.

Анын негиздөөчүсү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов издөөдө жүрөт. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын иши Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн жана сырттан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылганын маалымдаган. 

Ички иштер министрлиги  2023-жылдын сентябрь айында Шаршенбек Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”, “Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо”, “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен айып койгон. Биринчи май райондук соту  былтыр 8-сентябрда сыртынан камакка алган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей