БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Азат Раимбердиев Орусиянын "Ну-ка, все вместе"сынагында экинчи орунду жеңди

Азат Раимбердиев Орусиянын "Ну-ка, все вместе"сынагында экинчи орунду жеңди

Сүрөт интернеттен алынды

"Ну-ка, все вместе!" вокалдык конкурстун бешинчи сезонунда кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев экинчи орунду ээледи. Аталган сынакта жалпы 64 вокалист күч сынашты.

 

Мелдеште 100 калыс бар. Алар ар бир катышуучунун өнөрүнө баа берет. Биринчиликти Тажикстандык Фаррух Хасанов жеңип алды. 3-орунду Орусиялык Софико Кардава ээледи.

Аталган сынакта Кыргызстандын атынан Бек Исраилов дагы катышып, финалга чейин жетти. Мелдештин баш байгеси 5 миллион рубль.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей