БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ажылык-2024: Сауд-Арабия Кыргызстанга 6060 квота бөлдү

Ажылык-2024: Сауд-Арабия Кыргызстанга 6060 квота бөлдү

Сүрөт интернеттен алынды

Быйыл Кыргызстандыктарга Сауд Арабиясы ажылыка баару үчүн 6060 квота бөлдү. Муфтият бул расмий квота экенин, дагы кошумча орун сураганын билдирди. 

 

Мындай чечим ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукуновдун Сауд Аравия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен болгон жолугушуусунда айтылды.

 

Ажылык сапарына барчуларды каттоо 9-ноябрдан башталып, 20-ноябрга чейин уланат. Буга чейин, муфтият меккеге бара тургандар ID-карта менен электрондук каттодон өтүп, баштапкы төлөм катары банк аркылуу 2 миң доллар төлөшү керек экенин кабарлаган. Ал эми сапардын жалпы баасы азырынча тактала элек.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей