БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды

Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маркум Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланганын кабарлады. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча айып тагылууда.

Атайын кызматтын 26-мартта тараткан маалыматына караганда, Көлбаев менен Азим Рой  "L.А" жана "R" ЖЧКсын негиздеп, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошондой эле алар аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайына да катташкан. Мындан тышкары сатып алуу булактарынын мыйзамдуулугун берүү үчүн уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы, Литванын жараны киргизилгени айтылат.

Былтыр ноябрь айында Азим Ройго да издөө жарыяланган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 263-берене "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" жана 224-беренесинин "Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү" берениси боюнча айып тагылган.      

УКМКнын маалыматы боюнча, Азим Рой (мурда Орозахун Сайдазимов) Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Орусиянын жараны.

 "Мыйзамдагы уруу"аталган кримтөбөл Камчы Көлбаев былтыр  4-октябрда УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей