БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Азимбек Бекназаров кайра кармалды

Азимбек Бекназаров кайра кармалды

Сүрөт интернеттен алынды/ Азимбек Бекназаров

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу фактысы боюнча кармалып,  Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Маалыматка караганда,  2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка алынган ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталганын билдирди.

Ошондой эле Бекназаровдун Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алуу жана аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштырганы айтылды. 

Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин "Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо" беренеси боюнча шектелип, кармалган.

Азимбек Бекназаров 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук соту быйыл 14-июнда аны актаган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей