БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Азия чемпионаты: бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталды

Азия чемпионаты: бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталды

Сүрөт: интернеттен алынды

Күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. "Бишкек Арена" шаардык муз аянтчасында бүгүн кыз-келиндер арасындагы мелдештер старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады. 

13-апрелде 5 медаль топтому боюнча беттештер орун алат.

Өлкө намысын коргоо үчүн төрт балбан килемге чыгат. Алар: Арууке Кадырбек кызы (55 кг), Таңчолпон Кыбалбекова (59 кг), Гулнура Таштанбекова (68 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) салмакта күч сынашат. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей