БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Азия чемпионаты: Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы командалык эсеп менен 3-орунду ээледи

Азия чемпионаты: Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы командалык эсеп менен 3-орунду ээледи

Сүрөт: интернеттен алынды

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунга жайгашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. 

"Кыргызстандын намысын он спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль уткан. Мелдештин биринчи күнүндө, 11-апрель күнү, 65 кг чейинки салмакта Улукбек Жолдошбеков жана 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов 3-орунду ээлеп, коло медалга татышкан. Жыйынтыктоочу, 12-апрель күнү,  Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг чейинки салмакта алтын утса, 125 кг чейинки салмакта Айаал Лазарев күмүш медалга ээ болду"- деп жазган министрлик. 

Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен кыргыз курамасы 121 упай менен 3-орунду камсыздады. 1-орунга 190 упай топтоп Ирандык спортчулар, 2-орунга 130 упай менен Япониянын балбандары жайгашты. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей