БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Байсалов: Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат

Байсалов: Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат

Сүрөт: президенттин маалымат кызматы

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет башчы Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында айтты.

"Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот", - деди ал.

Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.

Автор: Т-Медиа > 353 статей