БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Байсалов: салык төлөө процесстери жеңилдейт

Байсалов: салык төлөө процесстери жеңилдейт

Сүрөт: "24.kg"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салык төлөө процесстерин (ККМ, ЭЭФЭТТН) оңой программа аркылуу жеңилдетүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу 3-декабрда анын орун басары Эдил Байсалов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

 

Байсаловдун маалыматы боюнча, жөнөкөй соодагердин чыгымы жана жумушу азайышы керек.

"Бийлик ак эмгеги, маңдай тери менен балдарын багып аткан элибизди кыйнап, кор кылганга жол бербейт. Жылына соодасы 8 миллион сомдон аздар толугу менен патент эле эмес, салыктан да бошотулду", -деп жазган ал. 

Кыргызстандын бир катар аймактарында 29-ноябрдан тарта соодагерлер ККМ апараттын колдонууга каршы нааразычылык акцияларын өткөрүп жатат. Бүгүн Кара-Балта, Токмок жана "Дордой Моторс" базарларындагы ишкерлер чыгышкан. 

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей