БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду

Чыңгыз Айтматовдун Бакуда эстелигинин ачылышы. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 24-апрелде Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты. Эстелик Азадлык - борбордук көчөлөрүнүн бириндеги паркка орнотулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарларды.

Ильхам Алиев Чыңгыз Айтматовдун эстелиги эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана биримдиктин символу экенин белгиледи. Ошондой эле Алиев жазуучу менен болгон жолугушуусун эстеп, анын жарандык позициясын жана өз тамырларына берилгендигин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо Чыңгыз Айтматовдун чоң ролун баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Бакуда кыргыз жазуучусунун эстелигин орнотуу эки өлкө элдеринин ортосундагы терең байланышты символдоштуруп, тарыхый мурастарды сактоодо жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналаарын айткан. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей