БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Балдардын айтылган жерге жеткирбеген". Соцтармакта талкуу болгон айдоочуларга айып салынды

"Балдардын айтылган жерге жеткирбеген". Соцтармакта талкуу болгон айдоочуларга айып салынды

Сүрөт интернеттен алынды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы социалдык тармактагы видео тасмалардан улам эки айдоочуга айып салды. 

Ошто баласын алдына алып унаа башкарган айым 19 миң сом, Ысык-Көлдө жаш балдарды айтылган жерине жеткирбеген айдоочу 8 миң 500 сом айып пул төлөй турган болду. 

"Баласын астына салып айдагандыгы, айдоочулук күбөлүгүн такыр албагандыгы жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн жалпысынан 19 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду" - деп айтылат маалыматта. 

Майыптыгы бар жаш балдарды жолго таштап кеткен айдоочунун унаасы техникалык кароодон өтпөгөндүгү жана лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн айыпка жыгылган. 

Буга чейин социалдык тармактарда жаш баласын алдына отургузуп, унаа айдап бара жаткан айдоочунун видеосу тараган. Ал социалдык тармактагы баракчасына кайнагасы жогорку кызматта болгондуктан жолдо эч ким токтотпой турганын жазган. 

Кийин маалыматты тамаша ирээтинде гана жазганын айткан. 

Андан соң, Ысык-Көлгө майыптыгы бар балдарды алып бара жаткан айдоочу, аларды айтылган жерге жеткирбей таштап кеткени тууралуу видео чыккан. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей