БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эгиз кыздарын сабаган эне кармалды

Эгиз кыздарын  сабаган эне кармалды

Ош облустук ИИБнын маалымат кызматы

Эгиз кыздарын  уруп, социалдык тармактарда кызуу талкуунун жараткан аял кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, жаш балдарды уруп жаткан  аял Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу  тургуну экендиги аныкталды.

 

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө аял  видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген.

 

Топтолгон материалдардын негизинде Д.С.нын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси  (Уруп-сабап кыйноо)  боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары  камакка алынды.

 

Учурда өспүрүмдөрдүн денелеринен алган жарааттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалды.

 

 6-ноябрда социалдык тармактарда аял киши эки жаш баланы уруп жаткан тасма тараган. Анда ал балдарын таяк менен уруп, заара ушатып койгондугу үчүн жемелеп жатканын көрүүгө болот.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей