БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Балыкчы: аскер бөлүктө сабалып инсульт алган жоокердин абалы оор

Балыкчы: аскер бөлүктө сабалып инсульт алган жоокердин абалы оор

Иллюстративдик сүрөт

Аскер бөлүктө мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан студент сабалып, денесинин бир тарабы кыймылга келбей ооруканада жатат. Окуя 16-апрелде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында болгонун "Т-Медиага" жабырлануучунун эжеси билдирди. Ал инисинин абалы азыр орточо оор экенин айтат.

Окуя тууралуу буга чейин бир катар жергиликтүү басылмалар да жазып чыгышкан. Анда жоокердин эжеси Асел Бекжанова инисин Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктүн офицери сабап, Бишкектеги Улуттук госпиталга жаткырылганын билдирген.

"Иним 26-мартта Коргоо министрлиги талап кылган сумманы төлөп,  Балыкчы аскер бөлүгүнө мобилизациялык резервдин жыйынына кеткен. 18-апрелде ал жактын кызматкерлери апама телефон чалып, "балаңыз жыгылып, эс-учун жоготуп жатат" дешиптир. Иним инсульт болуп Улуттук госпиталга түштү. Азыр сол тарабы кыймылдабай калган. Кыйналып сүйлөп жатат. Өзүнүн айтышынча, аны 16-апрелде бир офицер сабап, башка чааптыр. Эки күн катары менен башы ооруса да, ага аскер бөлүгүнөн медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес", -деп билдирди жабырлануучунун эжеси.

 

Министрликтин билдирүүсү

Коргоо министрлиги аскер бөлүгүндө жогорудагы факты болгонун тастыктады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалымдашынча, учурда окуяны Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

"Учурда тактоо иштери да жүрүп жатат. Мындан улам биз азырынча эч нерсе дей албайбыз. Шектүү катары бир аскер кызматкери кармалды",-деп билдиришти министрликтен. 

Кыргызстанда жоокерлерди уруп-сабаган окуялар буга чейин да болгон. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган учурлар бар. Үстүбүздөгү жылдын 22-январында Башкы прокуратура "Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн" деген шек менен Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин кызмат адамдарын кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

6-феврада Каракол шаарындагы аскер бөлүгүндө иштеген фельдшер аскер бөлүгүндө жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо жүрүп жатканын айтып чыккан. Анын кайрылуусунан кийин Башкы прокуратура үч аскер кызматкери менен бир ишкер камакка алынганын маалымдаган. Аларга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кызматтык жасалмачылык", "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу" жана "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин "Т-Медиа" армияда зомбулукка кабылган жоокерлердин окуяларын анализ кылган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей