БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Балыкчы: кызды сүзүп кетти делген аймактык тескөөчү агасы экөө иштен четтетилди

Балыкчы: кызды сүзүп кетти делген аймактык тескөөчү агасы экөө иштен четтетилди

Сүрөт интернеттен алынды

Балыкчы шаарында 12 жаштагы окуучу кызды сүзүп кеткен делген аймактык тескөөчү жана анын шаардык милициясынын башчысы болуп иштеген агасы кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 27-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликтин жетекчилиги ишти өз көзөмөлүнө алды. Ал эми алардын мындан ары ички иштер органдарында иштеши тергөөнүн жыйынтыгы менен карала тургандыгы айтылды.

26-январда Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кеткен. Учурда тестиер оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуучунун атасынын айтымында, кызын милициянын кызматтык машинеси сүзүп кеткен. Окуя ошол жердеги дүкөндүн камерасына тартылып калган.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициясы Балыкчыда кырсык болгонун ырастап, кызды сүзүп кеткен Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү болуп чыкканын маалымдады.

Маалыматка караганда, шаардык милициянын аймактагы ыйгарым өкүлү К.Б. тергөө кызматына келип, өспүрүм кызды сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткенин айтып берген. Аны наркологиялык текшерүүдөн өткөргөндө таза экени аныкталган. Автоунаа айып короосуна киргизилген.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 354 статей