БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Балыкчы: окуучу кызды сүздү делген милициянын башчысы кармалды

Балыкчы: окуучу кызды сүздү делген милициянын башчысы кармалды

Сүрөт: ИИМ

Ички иштер министрлиги издөөгө алынган Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев кармалганын билдирди. Ал учурда министрликтин Ички иликтөө кызматына жеткирилген. Алдыда тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Осмонбаев УКМКнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилет.

Мурдараак Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгү (Коркунучта калтыруу, этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголгон.

26-январда Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кеткен. Учурда тестиер оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Кыздын атасынын айтымында, кырсык жол боюндагы дүкөндүн видео камерасына түшүп калган.

Ысык-Көл облустук милициясы тестиерди сүзүп кеткен Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү экенин тастыктаган. Окуядан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү рулда өзү болгонун айтып, күнөөнү моюнга аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, анын агасы - Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтып, окуя болгон жерден качып кеткен деп нааразы болушкан.

Ички иштер министрлиги кырсыкка байланыштуу Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен анын милицияда иштеген иниси кызматтан бошотулганын кабарлаган.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 354 статей