БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Башкалар сиздин номериңизди колдонуп, жакындарыңыздан карыз алып алышы мүмкүнбү?

Башкалар сиздин номериңизди колдонуп, жакындарыңыздан карыз алып алышы мүмкүнбү?

коллаж

Сизге ишенимдүү, алыш-бериш кылып эле жүргөн адамдардан "тез арада акча керек болуп жатат. Карызга берип турчу" деген өңдүү билдирүүлөр барса, дароо ал сураган сумманы которуп жибербеңиз. Себеби, ушундай жол менен акча уурдаган шылуундар көбөйдү. Коопсуздук үчүн кайра өзүнө же анын жакындарына чалып, акча сураган адам өзү экенине ынанып алганыңыз жакшы. 

Мисалы, жакында эле Ош шаарында троллейбус айдаган кызматкер ушул өңдүү жол менен 60 миң сомунан кол жууган. Ага Орусияга иштегени кеткен таанышынын номеринен "маяна кечигип жатат, карызга акча берип турчу" деген кат келген. 

"Жакшы аралашып жүргөн кошуна агамын вотсап номеринен жазып калды. Ал Москавага кеткенине 5-6 ай болуп калды эле. Бала-чаканы сурап анан “маянам тийбей калды, кечинде саат сегизде сөзсүз болот. Жээним ооруп калыптыр, 30 миң акча керек болуп жатат” деди. Күмөн санаган жокмун. Кореядан унаа келип жаткан. Ошонун бажылык тариздөөгө деген акчам бар эле. Дароо эле “Макул” дедим. Каякка которууну сурасам “Кыргызстан номер берем, ошого эле бирдик кылып салып койсоң чыгарып алат экен” деди. Анда деле күмөн санабаптырмын. Мегапейге көп которулбайт экен. 4999 сомдон 6 жолу салдым. Дагы эки сааттан кийин кайра жазды. “Иним 28700 сом жетпей жатат” деди. Кечинде бирок сөзсүз болот деген. Үйдө рубль бар эле. Аны алып чыгып алмаштырып баарын которуп салыптырмын. Жалпы 60 миң котордум. Эртеси Мбанкты карасам жок. Кайра которбоптур. Номерди карасам, жазышкандын баары өчүп кетиптир. Анан ал аганын жубайынын номерин таптым. Чалсам алар шылуундар экенин билип, баарына эскертип жаткан экен" - дейт Даанышман Касымов. 

Бул жаран окуя боюнча милицияга да кайрылган. Бирок азырынча жыйынтык боло элек. 

"Ал Орусияга кетип номерин иштетпей калган экен. Номер 6 ай иштетилбесе сатылып кетет турбайбы. Ошол номерин башкалар сатып алган же жасатып алган окшойт. Милицияга дароо эле арыз жаздым. Жыйынтык боло элек. Кийин номер жазганы тууралуу билдирүү келген, анан кайра эле өчүрүп салды".

Мындай күмөндүү учурлар иштетилип эле жаткан номерлерде да катталып жатат. Мисалы, бизге кайрылган жарандардын бирине иниси вотсаптан “Марияга добуш берип койчу” деп жазылган шилтеме жиберген. Аны ачпай туруп инисинен эмнеге мындай күмөндүү кат жибергенин сураганда, ал катты өзү жазбаганын, ким кантип жибергенин билбесин айткан. 

https://lh7-rt.googleusercontent.com/docsz/AD_4nXdciUk4ZvLHiyoUqGDySg_zqY08p1LSl5jpBgZJJ_B6ydpAPsMlDztvPpRBYNgheV0BW5oNCTPbxCgBS_sLzVNinmKl6Vg6ExdNg43yUs8DNj9hrAJRnmB1jTk9BVXb7PoB89w79sc3nHlcIEs8mf90A_6F?key=6UGpHDuwxKYkJoab58FY-Q

Сураштыра келсе бул шилтеме ал сактаган номерлердин баарына жиберилген экен. Кийин ушул эле кат башка туугандарынын номеринен келе баштаган. Алар да билдирүү кантип жиберилгенин билишпейт. 

Ушундай эле окуя телеграммда да болгон. Бул тиркемеде дагы бир жарандын номеринен "Мбанктан 1000 сом ал деген" тайпа ачылып, ага жакындарынын номери кошулуп калган. Тайпага "Мбанк юбилейине 1000 сом таркатып жатыптыр, батыраак алып алгыла" деген билдирүү менен шилтеме ташталган. 

https://lh7-rt.googleusercontent.com/docsz/AD_4nXf2RiXl4rhfN95ymlm5B9khYInzSX3eS8Rfi3RVZaEb6Gzhv1TYhQ4DXDuqum2Y9ymNs2UFwU0CzB9R9HRgom7m1W6jhKSKsXfGwhuVYjkuF_9Rv03z5MujcHzCyWxKJs94RcsFNuaWN__T_Laqgnbfm69q?key=6UGpHDuwxKYkJoab58FY-Q

Бул тайпаны да номердин ээси өзү түзгөн эмес. 

Биз буга чейин мындай күмөндүү шилтемелерди ачуу кооптуу экенин, анда сиздин жеке маалыматтарыңыз алынып, картаңыздан акча уурдоо мүмкүнчүлүгү жогоруларын айтып бергенбиз. Эми кат алмашууларыңызга сак болуп, жакындарыңызга сизге акча которуудан мурун чалып тактап алууну эскертип коюңуз. 

Жыйынтык: Жарандардын номерин колдонуп, алардын жакындарын торго түшүргөнгө аракет кылган же акча котортуп алган учурлар катталып жатканы чын. Мындайда күмөндүү шилтемелерди ачпаңыз. Алар сураган сумманы которуудан мурун сөзсүз чалып, такташып алганыңыз оң.

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей