БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Башкы прокуратура: былтыр 18 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура: былтыр 18 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталды

Сүрөт: Интернеттен алынды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр 18 миллиард 109 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталганын 17-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди. Анын маалымдашынча, жогорудагы сумманын 93%ы өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылган. 

"Башкача айтканда, 16 миллиард 923 миллион сому өндүрүлдү. Анын ичинен 4 миллиард 558 миллион сому накталай, 12 миллиард 364 миллио сому объект, курулуш, имараттар менен төлөтүлдү",  -дейт Зулушев.

Прокуратура органдарында мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, коррупция менен күрөшүү, муниципалдык жерлерди жеке кызыкчылык үчүн колдонууга жол бербөө, жарандардын укуктарын сактоо багытында 7922 текшерүү жүргүлгөн. Анда 16 миңден ашуун мыйзам бузуу аныкталып, 550гө чукул кылмыш иши козголгон.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей