БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Башкы прокуратурага чогулган Алиянын 60ка жакын тууганын милиция кармап кетти

Башкы прокуратурага чогулган Алиянын 60ка жакын тууганын милиция кармап кетти

Видеодон скриншот

Бишкекете бүгүн, 1-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын жанына чогулган үч жаштагы Алия Кубанычбекованын 60ка жакын тууганын Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери кармап кетти. Алар башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кабыл алышын талап кылып топтолгонун "МедиаХабдын" журналисттери билдирди.

Кармалгандардын басымдуусу аялдар. Алар дарыгерлерге коюлган беренени алмаштыруу талабын коюшууда.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бериле элек. 

Алия Кубанычбекова былтыр 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон. Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция акысына дарыгерлер 106 миң сом сурашкан.

Бирок операция аталган клиникада эмес, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунда жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен түшүндүргөн. Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага "Севоран" дарысын жыттатып "тишин тазалайбыз" дешкенин, бирок ага ийне сайгандан кийин наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Окуядан кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан кетип, аталган медициналык борбор жана Алиянын тишин дарылатуу үчүн ата-энеси кайрылган Dentamax жеке клиникасы жабылган.

Январь айынын аягында Бишкек шаардык соту анестезиологду үй камагына чыгарган. Ишти караган соттук коллегия шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экендигин жана ага коюлган айып анча оор эмес кылмыш категориясына кирерин эске алуу менен ушундай чечимин кабыл алынганын маалымдаган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей