БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Башкы прокурор Асаналиевдин орун басарлары дайындалды

Башкы прокурор Асаналиевдин орун басарлары дайындалды

Башкы прокуратура

Өлкө башчынын буйругуна ылайык, Улукбек Султанов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Баймурза Маатов дайындалды.  

Ал эми Малик Бектурганов башкы прокурордун орун басары болуп келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 8-июнда маалымдады.

Баймурза Маатов 2022-жылы мартта Балыкчынын прокурору болгон. Ага чейин Баткен облусунун, Кызыл-Кыя шаарынын прокурору кызматын аркалган.

Бектурганов болсо 2022-жылы майда ротация менен Ош шаарына прокурор болуп барган.

Эске салсак, 3-июнда Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматынан кетип, анын ордуна 5-июнда Максат Асаналиев  дайындалган. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей