БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Курманкул Зулушев/ vb.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү бою мамлекет башчы Садыр Жапаровго 3-июнда арыз жазды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдиргенин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Эми анын арызын Жогорку Кеңеш карайт.

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатканын кошумчалады.

Курманкул Зулушевдин кызматтан эмне себептен кеткени, анын ордуна ким келери азырынча белгисиз. Башкы прокуратура да азырынча расмий маалымат тарата элек.

Зулушев 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин башкы прокурор болуп дайындалган.

Буга чейин Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн 24-апрелде сөгүш жарыялаган.

Курманкул Зулушев 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Ал эми 2015-жылдан 2020-жылга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей