БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Басма сөз эркиндигинин күнү: Бишкекте журналисттер көчөт отургузду

Басма сөз эркиндигинин күнү: Бишкекте журналисттер көчөт отургузду

Сүрөт Т-Медиа

4-майда Бишкекте журналисттер Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата Журналисттер аллеясына көчөт отургузушту. Акция "Бизге басым кылып жатышат, биз дарак отургузабыз" деген ураандын алдында болду.

Чогулгандар маалымат каражаттары менен журналисттер туш болгон басымдарды токтотууга чакырды.

Акцияга журналисттерден сырткары бир катар активисттер жана блогерлер дагы келип катышты. Анда бак отургузуу жана ишембилик да болуп өттү.

Кыргызстанда жыл сайын 3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата аталган аллеяга журналисттер чогулуп, ишембилик жасап турушат.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексин боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 120-орунду ээледи. Бул башка мамлекеттердин көрсөткүчтөрү өтө эле төмөн түшүп кеткени менен негизделген.

2023-жылкы рейтингде Кыргызстан бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 50 орунга артка кетип, 122-сапка жайгашкан. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей