БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен: Ак-Сайда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Баткен: Ак-Сайда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Сүрөт: президенттин маалымат кызматы

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында 11-декабрда Ак-Сай айылындагы Бусурманкул Ходжаев атындагы мектептин жаңы маратынын ачылышына катышты. Окуу корпусу 275 орунга ылайыкташкан. Ал өткөн жылы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында кыйраган.

Президенттин басма соз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Баткенде сегиз мектеп, төрт бала бакча, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМКнын башкармалыгынын имараты, бир спорт зал, бир музей, андан тышкары дагы башка ишкана мекемелер жаңы салынып пайдаланууга берилди.

Жапаров Баткен жана Лейлек районундагы чек арага чектеш айылдар калыбына келтирилгенин айтып, Баткенди өнүктүрүүгө бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, чек ара жаңжалында жабыркаган тургундарга үй куруп, калыбына келтирүүгө 200 миң сомдон, ал эми оңдоп-түзөөгө муктаж 124 үй-бүлөгө 100 миң сомго чейин каражат төлөнгөн. Мындан тышкары жергиликтүү ишкерлерге да акчалай жардам көрсөтүлгөн.

"Албетте, акыркы эки жылда оор сыноолорду баштан кечирдик. Чек арадагы болуп өткөн каргашалуу окуяларды унутуп коюуга болбойт. Чек ара жаңжалында жоокерлерибиз мерт болду, ал тургай катардагы жарандарыбыз каза болду – орду толгус оор жоготууга учурадык. Ооба, мына минтип, үй-жай, мал-мүлк баарынын орду толтурулду, калыбына келтирилди. Бирок жакындарын жоготкон жарандарыбыздын жүрөгүндөгү ызанын ордун толтуруу мүмкүн эмес экен. Мекенибизди коргоп жатып курман болгон жарандарыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт. Элибиздин чыныгы баатырлары, алардын артында калган жакындары, окуя учурунда жаракат алган жарандар ар дайым мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Учурдан пайдаланып, Ата Мекен чегине чеп болгон Баткендин баатыр элине терең ыраазычылык билдирем", -деп сүйлөгөн президент.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. Былтыр эки мамлекеттин башчылары жолукканда, жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырасташкан.

Автор: Т-Медиа > 355 статей