БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен: былтыр үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учуру катталган

Баткен: былтыр үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учуру катталган

Сүрөт интернеттен алынды

2023-жылы Баткен облусунун аймагында  үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учуру катталып, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан 327 коргоо ордери берилген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, зомбулуктун курмандыктары басымдуу аялдар менен жаш балдар болууда.
 

Жыл башында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы келин жолдошунун ур-токмогунан каза тапкан. Келиндин сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көз тарабында көгөргөн жарааттары жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

Окуя боюнча Кылмыш Жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. 

4-январда Баткен облустук сотунун чечими менен келиндин өлүмүнө шектелип кармалган  күйөөсү 2-мартка чейин камакка алынган. 

Каза болгон келиндин угуу жана сүйлөөсү боюнча биринчи топтогу майыптыгы болгон. Кылмышка шек саналып кармалган жолдошунун да ушундай эле майыптыгы бар. Жубайлар алты жана үч жаштагы кыздарды тарбиялап келген.

Ички иштер министрлигине 2023-жылы Кыргызстанда 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирген. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп экени айтылган. 

2023-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-оорунду ээлеген. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей