БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен: чек ара аймагында жашаган 30 ишкер кайтарымсыз грант алды

Баткен: чек ара аймагында жашаган 30 ишкер кайтарымсыз грант алды

Сүрөт: Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү/ Грант алган аялдар

Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарында жашаган отуз аял атайын окутуудан өтүп, ишкердик баштады. Ал үчүн "Баарлашуу, ишеним, укук" коомдук бирикмеси жалпы 2 млн 610 миң сомдук кайтарымсыз грант берген.   

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү учурда 14 аял тигүүчүлүк, бирөө мототакси кызматын уюштуруу, төртөө малина өстүрүү жана азык-түлүк дүкөнүн ачуу, сегизи кондитердик азыктарды даярдоо жана үчөө сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен алектенип жатканын билдирди.  

"Долбоор Баткен облусунун чек ара аймактарындагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, лидерликке үйрөтүү, бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу жана баштоо, ошондой эле жергиликтүү тынчтык демилгелерин көтөрүүгө багытталган" -деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында мындан сырткары төрт социалдык демилге колдоого алынган. Алар: Миң-Өрүктөгү "Гүлжамал" балдар бакчасына тамак аш азыктары үчүн жабдууларды, Актатырга аялдар үчүн машыгуу шаймандарын, Самаркандек айыл аймагында аялдар үчүн фитнес залына жабдууларды сатып берүү жана Кара-Бак айылында балдар аянтчасына жабдууларды жаңылоо демилгелери. 

Ошондой эле чек арадагы окуяда жабыркаган Самаркандек, Ак-Сай, Актатыр жана Кара-Бак айыл аймагындагы 319 балага 1 млн 87 миң 500 сомдук жылуу кийимдер берилген.

Эки өлкөнүн чек ара маселеси толук такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки тарап ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар болгон. 2021-жылдын жазында, 2022-жылдын күзүндө катуу куралдуу кагылыш болуп, эки тараптан тең жоготуулар болгон. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин күнөөлөгөн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей